Арстанбапта эс алуучулар аз
Келген эс алуучуларга саякат уюштурулуп, кичи жана чөн шаркыратмаларга сапар уюштурулат.
Жаңгак токой каптаган жаратылыш аймагында "Арстанбап турбасазы", "Пансионат", үч жайкы лагер жана бир жеке менчик пансионат жайгашкан.
Арстанбап турбазасы 250 орунга ылайыкташкан.
Жылына бул жаратылыш аймагын көрүү үчүн 100 миңге жакын адам келет.
Жалал-Абаддын Арстанбап эс алуу жайына келген туристтердин саны былтыркыга салыштырмалуу 50% аз. Бул тууралуу "Азаттыкка" Арстанбап айыл аймагынын башчысы Икрамжан Чолпонов билдирди.
Турбазада жолдонмо бир адамга 10 күнгө 5800 болсо, пансионатта 8 миңдин тегерегинде.
2014-жылы Арстанбаптагы "Турбаза" эс алуу жайына 13 миң киши келсе, быйыл ушул күнгө чейин 3 миңге жетпеген адам эс алган.
Ал эми жаңгак токойлорунда жайгашкан пансионат 500 орунга ылайыкташып, эс алууга бардык шарттар түзүлгөн.
Ал эми пансионаттарга былтыр 9,5 миң эс алуучу келсе, быйыл 2 миңге гана жетти. Ал эми чет өлкөдөн 150 турист келген.
Мындан сырткары үч маал ысык тамак менен камсыз болушкан. Эс алуу жайларында күндүзгү жана кечки диско барлар жана балдар үчүн оюн аянтчалары да курулган.
Арстанбапта үч эс алуу жайы, үч балдар лагери жайгашып, 100гө чукул жеке турак жайлар да кызмат көрсөтөт. Маалыматтарга караганда, өткөн жылы аймакка 100 миңдин тегерегинде адам келген.