Аймактагы аэропортторду оңдоого насыя алуу каралууда

Аймактардагы аэропортторду оңдоп-түзөө үчүн кыргыз-орус өнүктүрүү корунан насыя алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев шейшемби күнү ушул маселеге арнап уюштурулган жыйында айтты.

Калкка керектүү шарт жаратуу максатында аймактардагы аэропортторду реконструкциялоо долбоорлорун иштеп чыгууну Транспорт жана байланыш министрлигине тапшырды.

Кыргызстанда ар бир облус борборунда жана айрым райондордо аэропорт бар. Алардын ичинен быйыл Жалал-Абад менен Исфанадагы учак майданын оңдоо мерчемдери иштелип чыккан.

Совет учурунда Кыргызстанда чоң жана кичи, айыл чарбалык, аскердик аэрпорттор жана учуу-конуу тилкелер кошулуп 86 авиаобъект салынган. Азыр алардын басымдуу бөлүгү иштебей калган. (SE)