Орусиядагы казарманын кулашына байланыштуу бир адам кармалды

Омск облусундагы 23 кишинин өмүрүн алган аскердик казарманын кыйроосуна байланыштуу биринчи шектүү жаран кармалды. Кармалган адам - аба-десанттык күчтөрүнүн аймактык окуу борборунун жетекчиси Олег Пономарев.

Орусиянын Тергөө комитетинин билдирүүсүндө айтылгандай, ал айыбын жарым-жартылай моюнуна алып, аскерлерди толук бүтө элек казармага жайгашууга уруксат бергенин ачыктады. Жакын арада Пономаревдун баш коргоо чарасы каралат.

12-июлда Омск шаарынын Светлый конушундагы аба-десанттык аскерлердин окуу борборунун төрт кабаттуу казармасынын бир бөлүгү кыйрап калган. Урандылардын астынан 40тай аскер чыгарылып, алардын 23ү апаат болду. Аварияга курулуш ишиндеги техникалык кемчилик себеп болгон деп боолгонууда. (ErN)