Орусияда «Коопсуз селфи» кампаниясы башталды

Орусиянын Ички иштер министрлиги “Коопсуз селфи” кампаниясын баштады. Анда жаштарга селфи тартуунун коопсуз жолдорун тааныткан атайын буклеттер таркатылып, метро, автобекет сыяктуу жерлерге чапталууда.

Буклеттин башкы урааны: “Социалдык тармакта сенин селфиңди миллиондор жактырса да, жашоо андан кымбат” деп коюлду.

The Moscow Times басылмасында полиция кызматкерлери мектеп, жогорку окуу жайларды кыдырып, жаштарга коопсуз селфи тартуу боюнча лекцияларды окушууда деп баяндалат.

Американын психиатрия ассоциациясы жакында эле селфи тартууну психикалык оору деп тапкан. Май айында Москвада 21 жаштагы кыз тапанча менен селфи тартып атып, өзүн атып алып каза тапкан. Июнь айында дагы бир өспүрүм поезддин үстүнөн селфи тартып жатып кулап каза болгон. Мындан тышкары дүйнөдө селфи тартуу учурунда түрдүү кырсыкка учурап, өлүм тапкандар көбөйүүдө. (BCh)