Ысык-Көлдө ири өлчөмдө маңзат кармалды

“МАК-2015” операциясынын алкагында, кечээ Ысык-Көл районунун Темир айылынын 21 жаштагы тургуну 31 килограмм марихуна менен кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, маңзат сактоого шектелген адам камакка алынды.

Облус милициясынын маалыматында, жыл башынан бери Ысык-Көлдө маңзаттарына байланышкан 114 кылмыш иши катталып, 152 килограмм маңзат алынган.

Дубанда 550 гектарга жакын жерде жапайы кара куурай өсөт. Буга чейин жергиликтүү бийлик атайын иш-чаранын алкагында 14 гектар жердеги 39 тонна кара куурайды жок кылышкан. (AsA)