Бишкекте ВИЧтен каза болгондорду эскерүү акциясы өтөт

Эртең, 15-июлда, кечки 7де Жеңиш паркында “ВИЧ: Дары бар. Убакыт жок” аттуу эскерүү акциясы өтөт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен маалымдашты.

Анын алкагында парктагы аллеяга гүл отургузулуп, маңзаттын зыяндуулугу жана ВИЧ менен ооруган адамдардын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болот. Ошондой эле, ВИЧти дарылоону каржылоону мамлекеттик бюджетке киргизүү талкууланат.

Учурда Кыргызстанда 5500дөн ашуун адам ВИЧ инфекциясы менен жашары аныкталган жана алардын саны өсүүдө. Акция ЮСАИДдин долбоорунун алкагында уюштурулууда. (МТо)