Румыниянын премьер-министринин мүлкү камакка алынды

Румыниянын премьер-министри Виктор Понта.

Румыниянын прокуратурасы 13-июлда билдиришинче, премьер-министр жалгама документ жасаган, салык төлөгөн эмес, арам акчаны адалдаштырган деп шектелүүдө. Прокуратура Виктор Понтанын мүлкүн убактылуу камакка да алды. Ага каршы кылмыш иши июнда ачылган. Мыйзам бузуулар Понтанын адвокаттык ишмердигине байланыштуу экени маалымдалды. Ал кезде Виктор Понта улуттук парламентке мүчө эле. Өзү мыйзам бузбаганын айтып, тергөөчүлөр менен кеңири кызматташам деп сөз берди.

42 жаштагы Виктор Понта кылмыш жасады деп шектелген жана мүлкү камакка алынган Румыниянын биринчи өкмөт башчысы.