Бишкек: Индиялыктар Модини кантип тосуп алышты?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

12-июлда Бишкектеги Жаш Гвардия бульварында Индиянын белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Махатма Гандинин эстелигинин ачылышы болду. Ага Индиянын премьер-министри Нарендра Моди катышты. Эстеликтин жанына Бишкекте окуган индиялык студенттер чогулуп, "Моди!" деп кыйкырып, премьер-министрин тосуп алышты.