Эреже бузуу кодекси иштелип чыкты

Кыргызстанда Тартип бузуу кодекси иштелип чыкты. Кодекстин долбоору бүгүн “Aла-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн сот реформасы боюнча кеңештин кезектеги жыйынында тааныштырылды. Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев “Азаттыкка” билдиргендей, кодекске майда кылмыш кылгандардын тизмеги кирип, мындан ары аларга эскертүү же айып салуу менен гана чектелет.

“Буга чейин бардыгы бир кодекске кирип, кылмыш беренеси менен айып салып келсек, эми өзүнчө Тартип бузуу кодекси менен иш алып барабыз. Бул кодекс айыптарды так ажыратып, инспектор, тергөөчүлөргө иштөөгө жеңилдикти алып келет деп ойлойбуз” – деди Нарымбаев.

Сот реформасы боюнча жумушчу топ учурда үч кодексти жаңыртуу менен иш алып барууда. Кылмыш, эреже бузуу жана жорук кодекси күзгө чейин иштелип бүтсө, Жогорку Кеңешке сунушталмакчы. (SDz)