Венадагы ядролук сүйлөшүү дале уланууда

Ядролук сүйлөшүүдөгү ирандык делегация. Вена.

Ирандын жана дүйнөнүн алты өлкөсүнүн өкүлдөрү ядролук келишим боюнча Венадагы сүйлөшүүнү түнү бою улантышты. Келишимдин максаты Тегеранды ядролук программасын чектөөгө көндүрүү, анын ордуна Иранга каршы эл аралык сакциялар жеңилдетилет.

Дипломаттар 13-июлдан калбай мунаса табабыз деп мерчемдешүүдө. Буга чейин сүйлөшүүнүн мөөнөтү үч жолу узартылган. 13-июлдан кийин анын мөөнөтү узартылбайт, деп билдирди Ирандын Тышкы иштер министри Жавад Зариф жекшемби күнү.

Бардык тараптар келишимге жакын экенин, бирок сөздөрүнө 100% кепилдик бере албасын айтышууда.