Багдаддагы жардыруулар 20дан ашуун адамды апаат кылды

Жардыруулар Ирактын баш калаасынын түрдүү райондорунда жекшемби күнү уюштурулду. Алардан 80дей адам жараат алды. Мерт кеткендер менен жабыркагандар саны дагы өсүшү ыктымал экени айтылууда.

Алгач жергиликтүү базардагы эл топтолгон жерде жанкечти өзүн жардырган. Андан соң кишилер көп аймактарда дагы эки унаа жарылды.

Азырынча бул кол салууларга эч ким жоопкерчиликти ала элек. Өлкө бийлиги муну өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топ жасаган болушу мүмкүн экенин белгиледи. (SE)