Индия менен Кыргызстандын кызматташтыгы боюнча бир катар келишимдер кабыл алынды. Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди жана Алмазбек Атамбаев эки өлкөнүн экономикалык, аскердик, маданий кызматташтыгы боюнча келишимдерге кол коюшту. Мындан сырткары эки өлкөнүн шайлоо комиссиялары өз ара кызматташуу боюнча меморандумга жетишти.
Нарендра Моди өкмөт башчы Темир Сариев жана Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков менен да жолукту. Ал Борбор Азия сапары алкагында Кыргызстанга алгач ирет келди. (UEz)