Узак жолду кыскарткан аба каттамы

Ысык-Көл районунун Тамчы айылында жайгашкан “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунун курулушу 1975-жылы башталган. 6 жыл ичинде 2000 метр  учуу-конуу тилкеси, перрон жана бурулуучу жолдор курулган. 1992-жылы каржылоонун жоктугунан аэропорттун курулушу токтотулган. 

Аэропорт 2013-жылдан бери жайкы сезон учурунда Алмата-Тамчы, Тамчы-Аламата багыты боюнча каттамдарды кабыл алууда. Быйыл 2015-жылы Алматадан “Бек Эйр” жана “Скат” авиакомпаниялары Алмата-Тамчы багыты боюнча каттамдарды аткарып жатат. 

Мындан сырткары быйыл Ош-Тамчы каттамы ачылып, аптасына эки ирет- жума жана жекшемби күндөрү учактар конууда.

Буга кошумча чартердик каттамдар да кабыл алынат. 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча 160 авиакаттам аткарылып, 5576 жүргүнчү тейленген.  

2003-жылга чейин иштеп келген Чолпон-Атадагы аэродром учуу коопсуздугу, жүргүнчүлөрдү кабыл алуу шарттары талапка жооп бербей калгандыктан Тамчы аэропортун реконструкциялоо чечими кабыл алынган.

Учурда аэродром жарык сигналдарын берүүчү жабдыктар менен жабдыла элек, андыктан каттамдарды күндүзгү убактарда гана кабыл алат.

Биринчи этаптын алкагында учуу-конуу тилкеси 1800 метрге узартылып, азыркы күндө тилкенин узундугу 3800 метрди түзөт. Жаңы бурулуучу жолдор жана перрон 7 учакка эсептелип кеңейтилди. Жалпы 28,8 млн доллар бөлүнгөн.

“Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна  Ту-154, Ту-204, Боинг-737, А-319, А-320  учактары коно алат. 

Учурда учактарга аэродромдук май куюуучу унаа менен май куюлууда. Келерки жылдары аэровокзал жана май куюуучу комплекстерди куруу пландалууда. 

Аэропорттун жетекчиси Рашид Исманов билдиргендей, аэропортто келечекте эл аралык стандартка ылайык курулуштар жүргүзүлөт, башкы план бар, бирок жалпы реконструкция качан башталары азырынча белгисиз.