Атамбаев: Коопсуздук маселеси ШКУнун негизги приоритети болушу керек

Президент Алмазбек Атамбаев Уфа шаарында бүгүн өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде сүйлөп жатып коопсуздук маселеси уюмдун негизги приоритети бойдон калышы керектигин билдирди.

Мамлекет башчы глобалдык көйгөйгө айланып бараткан диний радикалдашуу уюмга мүчө мамлекеттер арасында коопсуздук жаатындагы кызматташууну күчөтүүгө түрткү берерин айтты. Андан сырткары, мыйзамсыз маңзат бизнеси да стабилдүүлүккө доо кетирерин белгиледи.

Атамбаев Уфа саммитинин алкагында коопсуздукка байланыштуу кабыл алынуучу документти биримдиктин күчү катары сыпаттады. (SE)