Сариев: Жерүй казылышы керек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусиянын “Восток-Геолдобыча” ишканасы Таластагы Жерүй кенин казуу иштерин бир жарым жылдан соң баштайт. Бул тууралуу бүгүн аталган кенге иш сапар менен барган өкмөт башчы Темир Сариев билдирди. Жерүй Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки ири алтын кени. Аны иштетүү укугун Орусиянын “Восток-Геолдобыча” компаниясы сатып алып, бюджетке 100 миллион доллар төлөгөн.