Жалал-Абадда кымыз майрамы өттү
Майрамдын жүрүшүндө кымыз ичүүчүлөрдүн сынагы өтүп, концерт тартууланды.
Улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү да өттү. Анын максаты - облустагы көп улуттуу элдин өкүлдөрүнө улуттук даамдарды даңазалоо болуп эсептелет.
Иш-чара бейшембиде Жалал-Абадда башталган I эл аралык бизнес форумдун алкагында өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду. Жалал-Абадда алгачкы “Кымыз майрамы” 2013-жылы өткөрүлгөн.