Жалал-Абадда түрмөгө маңзат алып кирген жаран кармалды

Жалал-Абад шаарындагы түрмөдө отургандардын бирине кефирдин ичине маңзат салып киргизген жаран сурак берүүдө.

Облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, 8-июль күнү күндүзгү саат бирлер чамасында камактагы тууганын көргөнү келген жигит түрмө кызматкерлери аркылуу азык-түлүк киргизген.

Түйүнчөктөгү кефирдин ичинде маңзат бар экени аныкталып, аны алып келген жаран дароо кармалган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө ал Сузак районунун 29 жаштагы тургуну экени аныкталды. (SE)