Жалал-Абад инвесторду тарта алат
Алгач аянтта облустагы жеке ишкерлердин жана мекеме ишканалардын катышуусунда жармаңке уюштурулду. Ага жалпысынан 50дөн ашык ишкер тартылган.
Инвесторлорго Жалал-Абад облусу боюнча даяр бизнес долбоорлор тууралуу маалымат берилет.
Форум алкагында “Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү”, “Инфраструктура жана курулуш индустриясы”, “Туризм жана тейлөө чөйрөсү” багыттарында талкуулар болду.
Иш-чараны өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү уюштуруп, аны өткөрүүгө БУУнун Өнүктүрүү программасынын “Соодага көмөктөшүү”, ЕККУнун “Агро Горизонт”, Германиянын Эл аралык кызматташуу коомунун “Агро Лид” долбоорлору жана USAID уюму көмөктөшүүдө.