Германия канцлери Ангела Меркел Балкан мамлекеттеринин Европа биримдигине кошулуу жараянында эч кандай жасалма тоскоолдуктар болбой турганын билдирди. Ал 8-июлда Албания, Сербия жана Босния-Герцеговинага эки күндүк сапарын баштады.
Тиранада Албания өкмөт башчысы Эди Рама менен бирге өткөргөн маалымат жыйында сүйлөп жатып Меркель:
- Мен сизге ишеним менен айта алам, эч нерсе жасалма түрдө кечиктирилбейт. Балкан өлкөлөрүндө Европанын келечеги бар экени тууралуу мурда берген убадабызды аткаруу биздин милдетибиз,- деди.
Ошондой эле “Албанияда мусулмандар көп болгондуктан, элинин көбүн христиандар түзгөн Европага кошула албайт” деген пикирлер туура эместигин белгиледи. (SE)