Орусия Сребреницадагы кыргын боюнча БУУнун резолюциясына вето койду

Орусия 1995-жылдагы Сребреницадагы кыргынды геноцид деп таануу боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына вето койду.

Орусия бул резолюцияга вето койору буга чейин эле белгилүү болгон. Сербиянын премьер-министри Александр Вучич 7-июлда Белграддагы маалымат жыйынында Орусия менен Кытайга Коопсуздук кеңешинде резоюцияга вето койгону жатканы үчүн ыраазычылык билдирген.

1995-жылы июлда Балкан согушу учурунда Босния-Герцеговинадагы Сребреница чөлкөмүндө серб күчтөрү тарабынан 8 миң босниялык мусулман өлтүрүлгөн. Ал Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европада болгон эң чоң кылмыш деп табылган. Босния жана Герцеговина 11-июлда Сребреницада болгон кыргындын жыйырма жылдыгын белгилөөгө камынууда.

Сербия 2010-жылы Батыш менен жакындашуу максатында Сребреницадагы окуяны оор кылмыш деп атаган жана кыргынды айыптаган. Бирок аны геноцид деп атоого барган эмес.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун 1-июлда Башкы ассамблеянын жыйынында сүйлөп жатып, Сребреницада 1995-жылы серб күчтөрү тарабынан 8 миң босниялык мусулмандын өлтүрүлүшүн геноцид деп атаган эле.

Бул массалык кыргын үчүн жоопкерчилик буга чейин босниялык сербдердин аскерлерине жүктөлгөн жана БУУнун Гаагадагы эл аралык соту аны геноцид деп тааныган.