КТРК жетекчисине каршы митинг өтөт

Кийинки аптада КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылган митинг өтөрүн нааразылык акциясынын уюштуруучуларынын бири Төрөхан Жунусбеков бүгүн “Азаттыкка” билдирди.

- КТРК коомдун пикирин эске албай, бийликти мактаган бир тараптуу гана берүүлөрдү берип жатат. Карыпбеков убагында Бакиевдин катчылыгында иштеп, аны элге жаман көрсөткөн. Азыр да бийликти мактап, оппозицияга орун бербей, элдин кыжырына тийип жатат, - деди Жунусбеков.

Акциянын катышуучулары Коомдук каналдан “Азаттыктын” телеберүүлөрүнүн чыкпай калышы боюнча да нааразылык билдиргени жатышат. КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков “Азаттык” менен келишим токтогонун 29-июнда күтүүсүз жарыялаган. (UEz)