Тубаса майып төрөлгөндөр арбыды

Азыркы тапта Кыргызстанда 162 миң майып бар болсо, алардын 27 миңи 18 жашка чейинкилер. Акыркы мезгилде тубаса майыптык менен төрөлгөн балдардын саны улам көбөйүп жатканын бүгүн “Азаттыкка” эмгек жана социалдык коргоо министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында майыптарды коргоо боюнча атайын мамлекеттик концепция 1937-жылдан бери өзгөрбөй келген. Бир нече жылдан бери Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун стандарттарына жараша майыптарды коргоого арналган реформа жүрүүдө. Ал 2018-жылга чейин аяктайт.

Майыптарга пенсиядан тышкары 1 миң сомдон 3 миң сомго чейин бир айлык жөлөк пул берилет. (BCh)