Айдоочудан пара талап кылган “маичилер” убактылуу иштен алынды

Бишкекте айдоочудан 5000 сом талап кылып, бербей койгон соң артынан кууп барып унаанын номурун чечип алган Жол кайгуул кызматкерлери убактылуу иштен четтетилди. Аларды биротоло жумуштан алуу же калтыруу маселеси иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында шаардык ИИБ башчысы Кашкар Жунушалиев билдирди.

Окуя жазылган тасма жакында интернетке тарап, коомчулукта кызуу талкуулана баштаган. Айдоочудан акча талап кылгандар арасында штаттык эмес жол кайгуулчулар да бар экени айтылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, окуянын айрым катышуучулары изделип жатканы кабарланган эле. (SE)