Камкор аталар кайда?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бириккен улуттар уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду уюштурган сурамжылоого катышкан балдардын 40 пайызы үйдө аталарын үлгү тутпасын айтышкан. Ал эми кыздардын 43% болочок күйөөлөрү атасына окшош болушун каалабай турганын билдиришкен. Муну адистер аталардын үй-бүлө, баланын алдында жоопкерчилигинин жоголушу, үй-бүлөдөгү уруш-талаш, энелерине кол көтөрүү, ажырашуу сыяктуу көрүнүштөрдүн жыйынтыгы деп эсептешет.