Долбоор учурда тиешелүү мекеме-министрликтин кароосунан өтүп жатат. Андан кийин өкмөткө сунушталат. Бул тууралуу "Кыргызалтындын" башчысы Алмазбек Алимбеков бүгүн Макмал алтын кениндеги жыйында билдирди.
Алимбеков бул кенди иштетүү үчүн инвестор керек экенин, азыр Түштүк Корея, Швейцария жана Кытайдан инвесторлор кызыгып жатканын кошумчалады.
Кылдоо кени Жалал-Абад облусунда, Саймалуу-Таш коругунунан 50-60 чакырым алыс жайгашкан. Анда болжол менен 300-500 тоннага чейин алтын бар. (EBM)