Чайнабай жуткандар Нью-Йоркто жолугат
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Борбордо биринчи жолу ылдамдыкта вареники жеп жарышуу болду. Жеңүүчү Кыргызстандын атынан Нью-Йорктогу дүйнөлүк чемпионатка катышат. Уюштуруучулардын бири Валерий Босенко “тандоо туру жергиликтүү таланттарды аныктап, Кыргызстандын намысын эл аралык таймашта коргоого жолдомо алат”, – деп "Азаттыкка" билдирди.
Оюнга көрүүчүлөрдөн тышкары медицина кызматкерлери да байкоо салып турду. Алар билдиргендей, өзүн жаман сезип, кайрылгандар болгон жок. Биринчи жолу вареники сүйүүчүлөр арасында таймаш 2001-жылы Нью-Йоркто өткөн. 2005-жылдан бери чемпионат эл аралык деген статусту алып, АКШда туруктуу өтүп келатат.