“Ислам мамлекети” радикалдык тобу менен байланышы бар согушкерлер 1-июлда Египеттеги бир катар аскерий турумдарга чабуул койду. Бул тууралуу Египеттин тиешелүү органдары маалымдашты. Жыйынтыгында 64 аскерий кызматкер, токсондой согушкер жана төрт жай тургун набыт кетти. Үч күн мурда Египеттин башкы прокурору Хишам Баракат өлтүрүлгөн, андан соң президент Абдул Фаттах ас-Сисси экстремисттерге каршы күрөштү күчөтөрүн билдирген.
Чабуулдан кийин атайын кызматтар Каирде рейд жүргүзүп, анын жыйынтыгында “Мусулман агайындар” тыюу салынган кыймылдын мүчөлөрү деп шектелген тогуз адам жок кылынды.
Бул рейдге жооп катары “Мусулман агайындар” ас-Сиссиге каршы көтөрүлүшкө чыгууга чакырды.
Чабуулдар Шейх-Зувейд шаарынын аймагындагы өткөрмө пункттарга жасалган. Согушкерлер өз максатына жетүү үчүн жанкечтилерди жана оор курал колдонушкан. Аларга каршы өкмөт армиясы абадан соккуларды урду.
Түндүк Синай провинциясы Египеттеги эң чуулгандуу аймак болуп саналат. Бул өрөөндө "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери активдүү иш жүргүзүшөт.