Кыргызстанда 2-июлда кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Мелүүн жел жүрөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 19....24, күндүз 36....41
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 18....23, күндүз 35....40
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 20....25, күндүз 36....41
Баткен облусунда түнкүсүн 18....23, күндүз 35....40
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13....18, күндүз 28....33
Нарын облусунда түнкүсүн 9....14, күндүз 28....33.
Бишкекте 2-июлда жаан-чачын болбойт. Мелүүн жел жүрөт. Абанын температурасы түнкүсүн 22....24, күндүз 38....40 градус болот. (AzK)