Алымбай Султанов кызматынан бошотулду

Маңзатты көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Алымбай Султанов кызматынан бошотулду. Султановдун ордуна Маңзатты көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси болуп Рафик Мамбеталиев дайындалды. Ал буга чейин Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын башчысы кызматын аркалап жүргөн. Бул маалыматы өкмөттөн тастыкташты.

Буга чейин премьер министр Темир Сариев Алымбай Султановдун ишин сындаган эле. (AzK)