Суматра аралындагы Медан шаарына 30-июнь күнү "Геркулес C-130" үлгүсүндөгү аскердик транспорттук учак кулап түшүп, 110дон ашуун киши каза тапканын жергиликтүү булактар кабарлады. Өлгөндөр саны дагы өсүшү ыктымал экендиги айтылууда.
1964-жылы чыгарылган учак аскерлерди жана алардын үй-бүлөсүн ташып бараткан болчу. Күбөлөрдүн айтымында, ал мейманкананын чатырына келип урулган. (SE)