Мал сатып, марыбай калдык
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Сокулук районунун мал базарында сатуучулар акыркы айларда малдын баасы төмөндөп жатканын айтышты. Кардарлар өтө төмөн бааны сунуштагандыктан, айрымдары аргасыздан малын кайра үйүнө алып кетүүдө. Фермерлер Кыргызстан ЕАЭБга киргенде баа көтөрүлөт деген ойдо. Бирок тыйынга муктаждар арзан болсо да малын сатууга аргасыз.