Парламент Судья Сооронкулованы кызматтан алды

Бүгүн 30-июнда Жогорку Кеңеште Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованы кызматтан алуу маселеси добушка коюлуп, 83 депутат макул деп добуш берди. Айрым депутаттардын Сооронкулованын өзүн дагы угуп көрөлү деген сунушун спикер Асылбек Жээнбеков четке какты.

Мыйзам боюнча парламенттин 80 депутаты "макул" деген добуш берген учурда судья кызматтан алынат.

Кечээ бул маселе эки ирет добушка коюлуп, экөөндө тең 80 добуш топтолбой калган болчу.

Клара Сооронкулова мыйзам боюнча маселе бир эле жолу добушка коюлушу керектигин эскертип, муну мыйзам бузуу деп атаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков спикер мыйзам бузууга жол бергенин билдирип, бул боюнча Башкы прокуратурага кайрыла турганын билдирген.

Сооронкулова жарандардан биометрикалык маалымат алуу мыйзамсыз деген пикирин айтканы үчүн парламенттин сунушунун негизинде Соттор кеңеши аны 18-июнда мөөнөтүнөн мурда иштен алган болчу (AzK)