Ички иштер министрлигинин алдындагы Эргеш Алиев атындагы академиянын облустан барган 24 бүтүрүүчүсү милициянын катарына жумушка кабыл алынды.
Бул тууралуу облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирет. Салтанаттуу иш-чара учурунда аларга диплом жана алгачкы «милициянын лейтенанты» чиндери берилди. Болочок кесиптештерине кесипкөйлүктү каалаган мекеме башчысы Жеңиш Жоробеков бул кызматкерлер район-шаарлардагы бош кызмат орундарга бекитилерин билдирди. (RsK)