Канат Исаев өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду

Канат Исаев берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Буга байланыштуу буйрукка бүгүн премьер-министр Темир Сариев кол койду. Мындан мурда Сариев келерки шайлоого катышуучу мамлекеттик орган жетекчилери өз ыйгарым укуктарын тапшыруусу керектиги тууралуу билдирген.

Канат Исаев күздөгү парламенттик шайлоого камынып жаткан “Кыргызстан” партиясынын лидери болуп саналат. Серепчилер жаңы түзүлгөн “Кыргызстан” партиясы бийликтеги КСДПнын жандоочусу болорун белгилеп келишет. (AzK)