Бишкекте мөңгүлөрдү сактоо талабы менен митинг өтөт

Кумтөрдөгү Давыдов мөңгүсү.

“Жаңы муун” кыймылы бүгүн Кумтөр кениндеги мөңгүлөрдү ордунан жылдырууга уруксат берген мыйзамга каршы митинг өткөрөт. Акция Ак үй алдында болорун аталган кыймылдан “Азаттыкка” кабарлашты. Алар колдоруна мөңгүнү сактоого чакырык жасаган жазууларды көтөрүп турушмакчы.

Жогорку Кеңеш өткөн жумада Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырган. Аны 52 депутат колдоп, 39у каршы добуш берген.

Мыйзамды өкмөт Кумтөр кениндеги мөңгүлөрдү башка жерге көчүрүп, кенди ачык ыкмада иштетүүгө уруксат берүү максатында иштеп чыккан болчу. "Ата Мекен" фракциясы муну чыккынчылык деп атоодо. (SE)