Орусиянын мурдагы премьери Примаков дүйнө салды

Евгений Примаков, Москва, 31-октябрь, 2014.

Евгений Примаков, Москва, 31-октябрь, 2014.

Евгений Примаков Москвада 86 жаш курагында каза тапты. Акыркы убакта ал катуу оору менен алышып жаткан. Примаков орус өкмөтүн 1998-жылдын сентябрынан 1999-жылдын майына чейин башкарган. Ага чейин Орусия тышкы иштер министрлигин, тышкы чалгын кызматын жетектеген.

Анын дүйнө салышына байланыштуу президент Владимир Путин көңүл айтканын маалымат катчы Дмитрий Песков билдирди.