Үмүтү үлбүрөгөн дыйкандар
Дыйкан Тайыр Отбасаров былтыр болгону бир гектарга жетпеген жерге калемпир эгип, алтымыш миң сом сарптап жүз миң сом кирише тапкан экен. Быйыл ал "Бажы биримдигине кирсек түшүмүңөр сатылат" - дегенге ишенип былтыркыдан үч эсе көп аянтка жашылча эккен.
Чүйдө айдоо аянттары сапатына жараша гектары 15-20 миң сомдун тегерегинде ижарага берилет.
Отбасаров учурда аңызында бой тартып келаткан калемпирин суугарып, баласындай бапестеп багып жаткан учуру. Буйруса, июлдун акырында түшүмүн ала баштайт.
"Бажы биримдигине январда кошулабыз деп, элди үмүттөндүрүп коюшкан. Андан бери жылып эле баратат. Элдин баары ошого карата дыйканчылык кылып алган,"-дейт Айбек аттуу дыйкан.
Дыйкандар ушул тапта ортомчулар кырман талаадан картошканын килесин болгону беш сомдон он сомго чейин, капустаны болсо азыртан 3-4 эле сомдон сатып кете баштаганын айтышат.
Дыйкандардын айтымында, эгер быйыл кыргыз дыйкандары өндүргөн түшүм сыртка сатылбай калса, анда күн өткөн сайын жашылчалар мындан да арзандап, жер иштетүүгө кеткен чыгым акталбай калышы мүмкүн.
Адистердин айтымында, быйыл дыйкандар өндүргөн жашылчанын түшүмү Кыргызстандын ички керектөөсүнөн ашып кеттиши мүмкүн. Себеби Айыл чарба министрилиги жыл башында дыйкандарды жашылча себүүгө үндөгөн.
Шаардын четиндеги жолдун боюу сатуучулар үчүн ыңгайлуу жай.
Ачык асман алдындагы "ресторан".
Ысык бойдон туруу үчүн чокко коюлган очоктун чайы.
Күндүн ысыгы кырк градуска жакындаган аңызда таңдан кечке тер төккөн дыйкандын жууна турган жайы.
Дыйкан түшүмүн алганча ушундай чатырда жашайт.
Жайды электр жарыгы жок үйдө өткөргөн көчөт кыз.
Быйыл жаз ортосунда жүргөн үшүктөн улам көчөттөрдүн баасы кымбат болгон.
Чүйдүн дыйкандары эмнегедир калемпир, капуста жана помидорго басым жасашкандай.
Чет жолдогу сатуучулардын баары эле дыйкандар эмес. Алар Чүйдө быша элек жемиштерди Дыйкан базарынан алып келишет.
Айыл чарба министрлигинен быйыл жыл башында дыйкандарга арбын эгин эгүү боюнча айтылганы ырас. Бирок учурда жашылчаларды сатуу боюнча Бажы биримдигине кирген өлкөлөр менен болгон кээ бир макулдашуулар ишке ашпай жатат.
Айыл чарба адистери Кыргызстан Бажы биримдигине толук кирген күндө да айыл-чарба продукциясын сыртка чыгаруу мүмкүн эмес экенин айтышат. Себеби кыргыз өкмөтү учурда дыйкандардан жыйналган продукцияны эл аралык стандарттарга ылайыктай турган шарттарды түзө элек.
Өкмөт Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү жараяны эки жылга созула турганын айтып келет.