1-сентябрда пенсия көбөйөт

Кыргыз өкмөтү 1-сентябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 250-500 сомго көбөйткөнү жатат. Бул үчүн кошумча 845 миллион сом талап кылынарын өкмөттүн маалымат кызматы бүгүн кабарлады.

Ошентип күздөн тарта Кыргызстанда пенсиянын орточо суммасы 4817 сом болот. (RK)