Сарпашев: Талаш жерге менин да, инимдин да тиешеси жок
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
24-июнда Аламүдүн районунун тургуну Анара Кыдыралиева жоопкерчилиги чектелген коомго таандык 60 сотых жерди вице-премьер-министр Таирбек Сарпашевден бир тууган агасынан ала албай жатканын айткан болчу. Анын айтымында мурунку ишкана жетекчиси жер тилкесин Сарпашевге мыйзамсыз сатып жиберген. Вице-премьер-министрдин агасы Апазбек Сарпашев “Азаттыкка” кайрылып, Кыдыралиеванын маалыматтарын жокко чыгарды.