Каракол зоопаркына саякат

Карышкыр. ​Мындагы жаныбарлар-сүлөөсүн, чөө, түлкү, карышкыр, аюу күнүнө эки килограммдан беш килограмга чейин эт жешет.  

Жапон маймылы. ​Тамакты тандап жеген жаныбар жапон маймылы болуп эсептелет. Аларга күнүгө бир маал ботко бышырылып берилет. Мындан сырткары тооктун, уйдун этин бышырып, нанга май сүйкөп, буга кошумча токоч, жаңгак беришет. 

Аккуу. ​

Сүлөөсүн. Зоопарктагы айбанаттар жапайы жашоодон алыстап калышкан, аларды эркиндикке кое берген менен жашап кете алышпайт. 

Карышкыр

Зоопарк жетекчилигинин айтымында, зоопаркка колдоо көрсөтүп жаткандар - "Кумтөр" ишканасы, Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги жана Германиянын жаратылышты коргоо союзу. 

Темгилдүү бугу. Зоопарктын кардарларынан түшкөн каражаттар да жаныбарлардын тамак ашына кетет. Жылына 5 млн. сомдон ашык акча сарпталат.   

Пржевальск жылкылары

Аркар. Жаныбарлар бул жерге ар түрдүү жолдор менен түшөт. Айрымдарын аңчылык кылгандар алып келсе, кээ бирлерин чет мамлекеттерден башка жаныбарларга алмаштыруу жолдору менен алып келишет.  

Пони. Зоопарктын кызматкерлери жаныбарларды көрүүгө келгендердин тартибине нааразы. Анткени жаныбарларды таш менен ургулап, тамак берүүгө тыюу салынса да попкорн, жүгөрү, нан, суусундук, кээде пиво сунгандар да болот экен. ​Туш келди тамак берүү жаныбарлардын ден-соолугуна зыянын тийгизиши мүмкүн. 

Ал эми жергиликтүүлөр кирүү акысын төлөбөй, кызматкерлер менен кайым айтышуулар көп болот. 

Бүркүт

Тянь-Шань аюусу

Зоопаркка кирүү акысы чоңдорго 70 сом, балдарга 50 сомдон

Темгилдүү бугу