АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) Кыргызстанда кургак учукка каршы долбоорду каржылай баштады. «Кургак учукка чакырык» программасы Улуттук фтизиатрия борборуна жана Саламаттыкты сактоо министрлигине дарылоонун жаңы ыкмаларын, дары-дармекти пайдаланууга шарт түзөт.
Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда соңку жылдары кургак учукка чалдыккандар көбөйүүдө. Айрыкча дарынын жардамы тийбей калган туруктуу форма көп каттала баштаганын дарыгерлер коңгуроо кагып айтууда.
USAIDдин жаңы долбоорунун бет ачары бүгүн Бишкекте өтүп жатат. (RK)