Атамбаев: Британия менен укуктук жардам маселеси калыс чечилет деп күтүүдөбүз

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Британиянын ортосунда көптөн бери күн тартибинде турган өз ара укуктук жардам берүү маселелери боюнча жакшы жыйынтыктар болот деп ишенет. Бул тууралуу кыргыз мамлекетинин башчысы бүгүн Бишкекте Британиянын жаңы дайындалган элчиси Робин Орд-Смит менен жолугушууда айтты.

- Кыргызстан эли бул маселе тездетилип, калыс чечилет деп күтүп жатат, - деди Атамбаев.

Британия мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу, ири каржы жана башка кылмыштар үчүн Кыргызстанда сыртынан соттолгон Максим Бакиевге убактылуу башпаанек берген.

2013-жылы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Улуу Британия кылмышкерди жашырып, укук жагынан кош стандарт мамиле жасап жатат деп айыптаган.

Бүгүн Кыргызстанга жаңы дайындалган бир катар чет мамлекеттердин элчилери президентке ишеним грамоталарын тапшырды. (RK)