Сот Самаковго таандык делген жердин бир бөлүгүн элге кайтарды

Чүй облусунун райондор аралык соту 23-июнда Бишкектин Кара-Жыгач жаңы конушундагы депутат Карганбек Самаковго таандык делген 42 гектар айдоо жерди айыл өкмөттүн карамагына кайтарган чечим чыгарды. Мындай чечимге тараптардын тынчтык келишими себеп болду. Самаков аталган жерди 2008-жылы сатып алып, 2013-жылы башка адамга сатып жиберген. Сот чечимине ылайык, эми айыл өкмөтү жер саткан кишиге 20 млн. сомун кайтарып берүүгө тийиш.

Буга чейин Башкы прокуратура Бишкектин жака белиндеги 262 гектар жерди мыйзамсыз менчиктеген деп Карганбек Самаковго кылмыш ишин ачкан. Бул жер тилкелеринин 42 гектары Кара-Жыгач айылына таандык. Жеринен айрылган айыл тургундары бир нече ирет митингге чыгышып, соттон акыйкаттык талап кылып келишкен.

Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков 2007-2008-жылдары Бишкектин четиндеги Лебединовка, Байтик жана Кара-Жыгач айылдарынан жалпысынан 262 гектар жерди сатып алып, айдоо аянттарын мыйзамсыз түрдө калкттуу пункттарга айланткан деп айыптаган Башкы прокуратура Самаков жер тилкелеринин көбүн сатып, 8 млн. доллар пайда көргөн деген негизде кылмыш иш козгогон.

Учурда Карганбек Самаков үй камагында.(UEz/ZKo)