Бишкекте активдүү "хизбутчулар" тобу кармалды

Бүгүн Бишкекте Улуттук коопсуздук комитети милиция менен бирге диний экстремизмге каршы иш-чара уюштуруп, Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүнө каршы үгүттөгөн, экстремисттик чакырыктарды тараткан «Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөлөрүн аныктады. УКМКнын маалыматына караганда, алардын жашаган жеринен тыюу салынган мазмундагы журнал, баракча, китепчелер жана СD, DVD дисктер, флеш-карталар табылды. Анын баары экспертизага жөнөтүлдү. Факт боюнча кылмыш иш козгоо үчүн тиешелүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө. (RK)