Жайлоодогу бала бакча
Быйыл жайлоо бакчалары “Өнүгүү борбору” деп аталып жеткинчектерге башталгыч билим берүү менен бирге алардын ата-энелерине да баланы туура тарбиялоо боюнча усулдук көмөк көргөзө баштады.
Муну менен бирге балдарга кыргыздын шедеврге айланган кинокартиналарын көрсөтүү, балдар жазуучулары менен жолугуштуруу, балдарга жазуучулардын китептерин таратуу демилгеси көтөрүлүп жатат.
Быйыл Кыргызстан боюнча 100 жайлоо бала бакча ачуу пландалган. Жайыт комитеттертери боз үйлөрдү уюштурса, окуу куралдары жагынан “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду көмөк көрсөтөт.
Былтыр өлкө боюнча жалпысынан 35 жайлоо бала бакча иштеп, 800дөн ашуун балага билим берилген.
Жайлоо бала бакчанын ачылышында кинорежиссер Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты” тасмасы көрсөтүлдү.
Уюштуруучулардын айтымында, бул акция улуу кинорежиссер Океевдин жакындап келе жаткан 80 жылдык юблейин утурлай жасалууда. Аталган шедевр картина бардык жайлоо бала бакчаларда көрсөтүлөт.