ЕБ адам саткандарга каршы аскерий операция баштайт

ЕБ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери бүгүн Жер ортолук деңизи аркылуу адамдарды мыйзамсыз ташууга аралашкандарга каршы аскерий операциянын биринчи баскычын баштоону жактырды. Биримдик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, ага кемелер жана учактар тартылып, чалгын маалыматтары чогултулат. Бул иш бир жуманын ичинде башталмакчы.

Экинчи баскычта адам саткандарга тиешелүү кайыктарды алуу жана жок кылуу каралган. Операциянын үчүнчү баскычы деңиздин Ливияга тиешелүү жагында, балким Ливиянын аймагында да жүргүзүлүшү мүмкүн. Бирок экинчи жана үчүнчү баскычка өтүү үчүн ЕБга БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы менен Ливия өкмөтүнүн макулдугу керек.

ЕБ лидерлери апрелдеги чукул жыйында Африкадан Европага агылган мыйзамсыз мигранттардын агымын тосуу үчүн ар тарапту план иштеп чыгууну макулдашкан.

Быйыл жыл башынан бери эле Жер ортолук деңизи аркылуу Европага өтүүнү самаган 1800 качкын сууга чөгүп, каза тапкан.