Чилиде өтүп жаткан Америка кубогунда тайпалык оюндар аяктап, шаршемби күндөн баштап чейрек финалдык оюндар башталмакчы. Негизги капитаны жок ойногон Бразилия Венесуэланы 2-1 эсебинде утуп, тайпадан биринчи орунга чыкты. Ошондой эле “В” тайпасында Аргентина 7 упай менен биринчи орунда аяктады. Ал эми талаа ээлери Чили болсо “А” группасында лидерлигин тастыктады.
Чейрек финал оюндарында Чили Уругвай менен ойносо, Аргентина Колумбияга туш келди, ал эми Бразилия Парагвай менен күч сынашмакчы.
Бразилия курамасына капитаны Неймар чемпионаттын аягына чейин жардам бере албайт. Ал буга чейин орой оюн көрсөткөнү үчүн жазага тартылып, таймаштан четтетилген. Америка кубогу 4-июлда жыйынтыкталат. (SJu)