Келе жаткан апта башында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылында жайлоо бала бакчасы ачылат. Анда алгачкы ирет Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты” фильми көрсөтүлөт.
Акциянын максаты – “Кызыл алма”, “Ак илбирстин тукуму”, “Уркуя” фильмдеринин автору Төлөмүш Океевдин 11-сентябрдагы туулган күнүн утурлай, анын жаркын элесин эскерүү. Көзү тирүү болгондо режиссер 80 жашка чыкмак. Маданий акцияга Төлөмүш Океев атындагы фонд, Маданият министрлиги катышууда.
Быйылкы жайкы сезондо Роза Отунбаева атындагы фонд өнөктөш, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен Кыргызстан боюнча 85 жайлоо бала бакчасын уюштурганы жатат. Алардын бардыгында “Бакайдын жайыты” фильми ачык асман алдында балдарга сунушталат.(AzK)