Индия маданияты Бишкекте
Көргөзмөгө катышуу үчүн Кыргызстанга биринчи жолу келген хинди кызы Качур Сахота.
Хинди кыздары күйөөгө чыгарда колдоруна ушундай кооз сүрөттөр түшүрүлөт. Ал "михенди" деп аталат.
Lark lnternational Group компаниясынын туризм менеджери Асел Исмаилова колуна михенди түшүрүп көрсөттү.
Мында келгендер Индиядан келген кийим, сувенир, индия ашканасынын сырлары менен таанышып, косметика, дары-дармек, ашканага керектүү кездемелерди, зер буюмдарды сатып алууга мүмкүнчүлүк алышат экен.
Сатуучулардын айтымында, айымдар үчүн арналган бул жасалгалар алтын эмес. Салмагына, кооздугуна карай баасы миң сомдон беш миң сомго чейин.
Зергерлердин колунан чыккан билериктер.
Кардарлар Индия күмүшү сапаттуу болорун айтышат.
Индия сатуучулары менен соодалашсаңыз болот. Каалаган буюмуңузду соодагер айткан баадан эки эсе арзан алышыңыз да мүмкүн.
Кыздын көзү кызылда.
Сөөктөн жана таштан жасалган мончоктор.
Айымдар Индиянын көйнөктөрүн баалашат экен.
Уздар тиккен капчыктар.
Жармаңкеге кыл калем чеберлеринин жана сүрөтчүлөрдүн эмгектери да коюлган.
Индия өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчисинин жубайы Прмя Жаянттын айтымында, жармаңкеден түшкөн каражат кайрымдуулук иштерине жумшалат.