Кыргызстандын чек ара кызматынын билдиришинче, Лейлек районунун Коргончо аймагында чек арачылар маңзат сатууга аракет кылган Тажикстандын бир жаранын жана Кыргызстандын эки жаранын кармады. Алардын жанынан 4 килограмм героин табылды. Кармалгандар Баңги затын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүлүп берилди. Иликтөө иштери уланып жатат. (AzK)